Индиядан келген делегация КР ТИМ орун басары менен жолугушту. IT жана медицина тармагындагы жаңы долбоорлорду талкуулашты

Кыргызстан менен Индия медицина жана IT тармагындагы биргелешкен долбоорлорду талкуулашты.

Бир күн мурун Бишкекте Кыргызстан менен Индиянын ТИМ орун басарлары — Айбек Артыкбаев менен Санжай Верманын жолугушуусу болду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Сүйлөшүүлөрдө эки республиканын делегация башчылары саясий, соода-экономикалык, аскердик-техникалык, маданий-гуманитардык жана консулдук кызматташуу маселелерин талкуулашты.

«Тараптар долбоорлорду ишке ашыруу, анын ичинде Лейлек райондук ооруканасынын медициналык инфраструктурасын жана Кыргыз экономикалык университетинин IT-лабораториясын жакшыртуу аркылуу соода-экономикалык тармакта кызматташууну кеңейтүүгө өз ара кызыкдар экендиктерин билдиришти», — деп белгиледи ТИМ.

Бул долбоорлор Кыргызстандын министрлер кабинети менен Индия өкмөтүнүн ортосундагы гранттык жардам боюнча өз ара түшүнүшүү меморандумунун алкагында ишке ашырылууда. Тараптар ошондой эле Кыргызстан менен Индиянын ооруканаларынын ортосунда медициналык маалымат алмашууда кызматташууга багытталган “Телемедицина” долбоорун талкуулашты.

Ошону менен бирге ТИМдин башчысынын орун басары соода-экономикалык жана илимий-техникалык кызматташтык боюнча кыргыз-индия өкмөттөр аралык комиссиясынын 10-жыйынынын протоколун ишке ашырууга, ошондой эле саламаттык сактоо, айыл чарба, IT-технологиялар, текстиль жана туризм жаатындагы биргелешкен жумушчу топтордун отурумдарын өткөрүүгө көңүл бурду.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө ошондой эле эл аралык жана аймактык уюмдардын алкагында кызматташуу маселелери каралды, ошондой эле актуалдуу эл аралык маселелер боюнча пикир алмашуу болду.

Добавить комментарий