ЕБ элчиси Мэрилин Йосефсон кызматына киришти


    Warning: file_get_contents(/home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/uploads/2022/09/speech-75770-1662458962-1.mp3): failed to open stream: No such file or directory in /home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/themes/manas-theme/single.php on line 21
  • Прослушать

Кыргыз Республикасында Европа Биримдигинин кызыкчылыктарын жаңы Элчи Мэрилин Йосефсон коргойт. КР ТИМ башчысы Жээнбек Кулубаев Евробиримдиктин жаңы дипломатиялык өкүлүнөн ишеним грамотасынын көчүрмөсүн кабыл алып, Кыргызстандагы ишмердүүлүгүнүн башталышы менен куттуктады.

Бул тууралуу редакцияга келген пресс-релизде айтылат.

Йосефсон министрге жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, анын «Кыргыз Республикасы менен Европа Бирлигинин ортосундагы мамилелерди мындан ары чыңдоого чечкиндүү экенин» баса белгиледи, деп айтылат маалыматта.

Тараптар алдыда боло турган эки тараптуу жана аймактык сапарларды жана иш-чараларды талкуулашты.

Элчи Мэрилин Йосефсон швед дипломаты жана буга чейин элчи, Евробиримдиктин Тажикстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы болуп иштеген, ошондой эле Брюсселде Европанын тышкы иш алып баруу кызматында иштеген. Ал буга чейин Нидерландыдагы, Эфиопиядагы жана Замбиядагы элчиликтерде, ошондой эле Украинадагы Бириккен Улуттар Уюмунда жана Конго Демократиялык Республикасындагы MSFте иштеген. Йосефсон швед, англис жана француз тилдеринде эркин сүйлөйт жана негизги португал, испан жана орус тилдеринде сүйлөйт.

Добавить комментарий