Беларуста ЖККУ өлкөлөрүнүн парламентарийлери Лукашенко менен жолугушууда уюмду өнүктүрүү маселесин талкуулашты


    Warning: file_get_contents(/home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/uploads/2023/05/speech-91768-1684413438-1.mp3): failed to open stream: No such file or directory in /home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/themes/manas-theme/single.php on line 21
  • Прослушать

Төрага Нурланбек Шакиевдин РБ Президенти Александр Лукашенко менен жолугушуусу тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди. Жыйын бүгүн, 18-майда Эгемендүүлүк сарайында өтүп, ага Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Парламенттик ассамблеясына мүчө өлкөлөрдүн парламенттеринин төрагалары катышты, деп билдирди ЖКнын басма сөз кызматы.

Жолугушууда Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун учурдагы абалы жана өнүгүү келечеги, анын ичинде кызматташтыкты кеңейтүүдө парламенттердин маанилүү ролу талкууланды. Президент Лукашенко Парламенттик ассамблеянын ишин жакшыртуу, анын ичинде коргонуу жана коопсуздук тармагындагы моделдик мыйзамдарды иштеп чыгуу боюнча өз сунуштарын айтты.

Ал ошондой эле Парламенттик ассамблеянын миссиясынын уюмга мүчө мамлекеттердеги шайлоо өнөктүктөрүнө байкоочу катары катышуусу өзгөчө мааниге ээ экенин белгилеп, социалдык-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүү зарылдыгын белгиледи.

Добавить комментарий