Баку менен Ереван ЕБ жарандык миссиясын чек ара аймагында жайгаштырууга макулдугун ырасташты


    Warning: file_get_contents(/home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/uploads/2022/10/speech-77885-1665159037-1.mp3): failed to open stream: No such file or directory in /home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/themes/manas-theme/single.php on line 21
  • Прослушать

2022-жылдын октябрынан тарта Евробиримдиктин жарандык миссиясы Азербайжан менен Армениянын чек араларында эки мамлекеттин чек ара маселелерин чечүүгө көмөктөшүү үчүн ишин баштайт.

Армения менен Азербайжандын лидерлери сентябрда кайрадан тутанган ондогон жылдардан бери уланып келе жаткан жаңжалды жөнгө салуу аракеттеринин алкагында Евробиримдиктин жарандык миссиясын өз чек араларына жайгаштырууну макулдашты.

Бул тууралуу Европа кеңешинин билдирүүсүндө айтылат.

«Армения менен Азербайжан БУУ Уставына жана 1991-жылдагы Алма-Ата Декларациясына берилгендигин ырасташты, ага ылайык бири-биринин аймактык бүтүндүгүн жана эгемендүүлүгүн тааныйт. Бул чек араны делимитациялоо боюнча комиссиялардын ишине негиз болоорун жана чек ара комиссияларынын кезектеги жыйыны октябрдын аягына чейин Брюсселде өтөөрүн тастыкташты», — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле Армения Евробиримдиктин жарандык миссиясын Азербайжан менен чек арага жайгаштырууга көмөктөшүүгө макул болгондугу, ал өз кезегинде миссия менен кызматташууга макул болгону белгиленген.

Ебнын Армения менен Азербайжандын чек арасындагы миссиясы октябрда башталып, эң көп дегенде эки айга созулат.

«Бул миссиянын максаты – ишенимди бекемдөө жана чек ара комиссияларынын ишин жеңилдетүү», – деп айтылат Еврокеңештин билдирүүсүндө.

Эске салсак, 13-сентябрга караган түнү Армения менен Азербайжандын чек арасында катуу атышуу болгон. Бир нече күндөн кийин кагылышууда эки тараптан 170тен ашуун жоокер набыт болду.

Ереван Азербайжан тараптын масштабдуу провокацияларын» жарыялады. Өз кезегинде азербайжан бийликтери аткылоо “Армениянын провокациясына жана саботажына жооп” экенин баса белгиледи.

Армения менен Азербайжандын чек арасында кезектеги согуштук аракеттер 28-сентябрда болгон.

Добавить комментарий