Астанада Кыргызстандын ТИМ башчысы менен АКШнын мамлекеттик катчысынын жолугушуусу болду


    Warning: file_get_contents(/home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/uploads/2023/02/speech-86863-1677591026-1.mp3): failed to open stream: No such file or directory in /home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/themes/manas-theme/single.php on line 21
  • Прослушать

Бүгүн, 28-февралда Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкендин Астанада министрдин “Борбор Азия+АКШ” иш-чарасына катышуусунун алкагында жолугушуусу болуп өттү.

Бул тууралуу ТИМ басма сөз кызматы билдирди.

Тараптар эки тараптуу соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты чыңдоо мүмкүнчүлүктөрүн, ошондой эле 2023-жылга карата кызматташуунун келечектүү багыттарын, анын ичинде жашыл экономика, энергетика жана санариптештирүү багыттарын талкуулашты.

Мындан тышкары, тараптар Борбордук Азияда аймактык стабилдүүлүктү жана коопсуздукту камсыз кылуу боюнча биргелешкен ишти улантуу боюнча бирдиктүү милдеттенмелерин билдиришти.

Жыйынтыгында Кыргызстандын жарандарына виза берүүнү жеңилдетүү жана оптималдаштыруу маселелери талкууланды.

Добавить комментарий