Астанада КР мамлекеттик катчысы менен РК президентинин жолугушуусу болду


    Warning: file_get_contents(/home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/uploads/2022/12/speech-82721-1671679341-1.mp3): failed to open stream: No such file or directory in /home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/themes/manas-theme/single.php on line 21
  • Прослушать

Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов Астанага жумушчу сапарынын алкагында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин кабыл алуусунда болду.

Жолугушууга Түркиянын экс-президенти Абдулла Гүл, Монголиянын экс-президенти Намбарын Энхбаяр да катышты.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Касым-Жомарт Токаевди Казакстан Республикасынын Президенти кызматына кайра шайланышы менен куттуктап, Казакстанда жүргүзүлүп жаткан реформаларды кубаттады.

Казакстандын лидери конокторго 20-21-декабрда Астанада өткөн Биринчи Борбор Азия медиа форумуна катышканы үчүн ыраазычылык билдирди.

Ал ар тараптуу кызматташуу жана маданий иш-чаралар өлкөлөр ортосундагы достукту жана ынтымакты чыңдоого жардам берерин баса белгиледи.

Кошумчалай кетсек, жолугушууда Казакстандын президенти менен Кыргызстандын мамлекеттик катчысы эки элдин достугу жана маданияты, өз ара бир туугандык мамилеси тууралуу пикир алмашты.

Эске салсак, өткөн аптада Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев статс-катчы Сүйүнбек Касмамбетовду II даражадагы «Достук» ордени менен сыйлоо тууралуу буйрукка кол койгон.

Добавить комментарий