Адылбек Касымалиев менен Ли Вонджэ эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Корея Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Ли Вонджэ менен жолугушту. Жолугушууда эки өлкөнүн кызматташтыгынын актуалдуу маселелери, айрыкча Кореянын Эл аралык кызматташтык агенттиги (KOICA) менен биргеликте ишке ашырылып жаткан долбоорлордун алкагында талкууланды.

Кыргызстан менен Корея Республикасынын ортосундагы өз ара пайдалуу мамилелерди түзүү жолугушуунун негизги темасы болду. Адылбек Касымалиев элчиге өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы, ошондой эле Кыргызстандын президентинин администрациясына техникалык жардам көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Өз кезегинде Ли Вонджэ Корея Республикасы кызматташтыктын ар кандай артыкчылыктуу багыттары боюнча долбоорлорду колдоого даяр экенин ырастады.

Эки тарап тең өнөктөштүк мамилелер мындан ары да ийгиликтүү өнүгө аларына ишеним билдиришти.

Жыйындын соңунда Кыргызстандын президентинин администрациясына техникалык жардам көрсөтүү актысына кол коюу аземи болду.

 

Добавить комментарий