Астанада Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйыны аяктады.
Бүгүн, 14-октябрда КМШ мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынында бир катар маанилүү документтерге кол коюлду. Алардын баары соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана коопсуздук тармагындагы интеграциялык байланыштарды мындан ары өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө багытталган. Бул тууралуу Кыргызстандын президенттик аппаратынын маалыматтык саясат кызматы билдирди.
«Иш-чаранын алкагында Шериктештиктин алкагындагы өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелери талкууланып, КМШга мүчө-өлкөлөрдүн кызматташуусун өнүктүрүү жана арттыруу боюнча бир катар документтер каралып, кабыл алынды», — деп айтылат маалыматта.
Жыйында 2023-жылы КМШга төрагалык кылууну Кыргызстанга өткөрүп берүү жана келерки жылы кеңештин кезектеги жыйынын Бишкекте өткөрүү чечими кабыл алынды.
Төмөнкү документтерге кол коюлду жана бекитилди:
- 2023-жылы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине төрагалык кылуу жөнүндө (2023-жылы Бишкек шаарында КМШга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрүү жөнүндө);
- Аткаруу комитетинин төрагасы — КМШнын жооптуу катчысы жөнүндө;
- Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Мамлекет башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрүү жөнүндө;
- КМШга мүчө мамлекеттердин Парламенттер аралык ассамблеясынын Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигин өнүктүрүүдөгү ролу жөнүндө;
- Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин алдында түзүлгөн орус тилин колдоо жана өнүктүрүү боюнча эл аралык уюм жөнүндө;
- 2024-жылды Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинде Ыктыярдуулар кыймылынын жылы, 2025-жылды Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгы жана нацизмге каршы күрөштө тынчтыктын жана биримдиктин жылы деп жарыялоо жөнүндө ден соолукту коргоо боюнча;
- Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине мүчө мамлекеттердин шайлоо органдарынын жетекчилеринин Консультативдик кеңешин түзүү жөнүндө макулдашуу жөнүндө;
- Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин ортосундагы коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө макулдашуу жөнүндө;
- 2023-2025-жылдарга терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүүдө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин кызматташтыгынын программасы жөнүндө;
- кызмат көрсөтүүлөрдү эркин соодалоо, инвестицияларды түзүү, иштетүү жана ишке ашыруу жөнүндө макулдашуунун долбоорун даярдоо жөнүндө;
- Санкт-Петербургду (Россия Федерациясы) 2024-жылы Шериктештиктин маданий борбору деп жарыялоо жөнүндө;
- Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна байкоочу статусун берүү жөнүндө;
- Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Адам укуктары боюнча комиссиясы жөнүндө;
- Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Ардак грамотасы менен сыйлоо жөнүндө;
- КМШга мүчө мамлекеттердин башчыларынын маданият тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү жөнүндө билдирүүсү боюнча;
- Климат чөйрөсүндөгү кызматташтык боюнча КМШга мүчө мамлекеттердин башчыларынын билдирүүсү боюнча.