Жогорку Кеңештин имаратындагы өрт — жабыркагандарды издеп жатышат

Жогорку Кеңеште өрт чыкты. Калың түтүндөн улам жумушчуларды жана зыяратчыларды чукул эвакуациялоо иштери жүргүзүлдү. ӨКМ басма сөз кызматы күйүү фактысын тастыктады.

«Бул стратегиялык объект болгондуктан, ал жерге алты өрт өчүрүүчү бөлүм жөнөтүлдү. Ачык от болгон жок. Түтүнгө ыкчам чара көрүлдү», — деп айтылат маалыматта.

Интернетте окуя болгон жерден тартылган видео тарады.

Окуянын себептерин адистер иликтеп жатышат. Каза болгондор жана жабыркагандар жок.

Добавить комментарий