Өзбекстанда аял эки кичинекей баласы менен көмүр кычкыл газына ууланды

Өзбекстандын Жиззах шаарында үй-бүлө толугу менен өз үйүндө истүү газга ууланды.

Жекшемби күнү, 6-ноябрда Жиззак облусунун Фариш районундагы Ойбек кичи районунда жашаган 34 жаштагы аял жана анын 10 жана 5 жаштагы эки уулу каза болду, деп жазат Озодлик.

ӨКМдин Жиззак облусу боюнча башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, эне-баланын өлүмүнө «көмүр кычкыл газына уулануу» себеп болгон. Министрликтин өкүлдөрү көмүр кычкыл газы так кайдан чыкканын такташкан жок.

Өзбекстанда кышкы сезондун башталышы менен “көмүр кычкыл газына уулануу” учурларынын көбөйүшү байкалышы мүмкүн. Натыйжада өлкөдө жыл сайын жүздөгөн адамдар каза болот.

Буга чейин адистер мындай окуяларга жарандардын газ жана альтернативдик отун колдонууда коопсуздук чараларын сактабагандыгы, ошондой эле үй мештерин колдонуу себеп болуп жатканын айтып келишкен.

Добавить комментарий