Вирджиния университетинде атышуудан 3 студент каза болду

Жекшембиде, 14-ноябрда Вирджиния университетинде атышуу болуп, үч киши каза таап, экөө жарадар болгон.

Бул тууралуу NBC News кабарлады.

Атышуу жекшемби күнү кечинде болгон.

«Ок атуу үч өлүмгө алып келгенин өкүнүчтүү билдирем», — деди университеттин президенти Джим Райан студенттерге кайрылуусунда.

Анын айтымында, дагы эки адам жабыркаган, аларга медициналык жардам көрсөтүлүүдө.

Укук коргоо органдары бул университеттин студенти Кристофер Дарнелл Джонс кылмышка шектелип жатканын билдирди.

Кылмышка шектүүнү издөө иштери уланууда, аларга полиция тик учагы алынып келинди.

Тартип сакчыларынын айтымында, кол салган адам куралчан жана кооптуу.

Добавить комментарий