УКМК Кыргызстандын түштүгүндө мыйзамсыз аткезчиликтин катышуучуларын кармады

УКМК кызматкерлери 1 миллион сомго жакын суммага контрабандалык буюмдарды жана дары-дармектерди алып кирүүгө бөгөт коюшту.

10-ноябрь күнү УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Кадамжай районунун аймагында мыйзамсыз иш-аракеттерди жасап жүргөн бир автоунаа жана 6 КРнын жараны кармалды.

Мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, чек арачылар менен биргеликте Күнгөй аймагында «Хундай-Портер» үлгүсүндөгү унаа жана аткезчиликти уюштурууга катышкан Кыргызстандын 6 жараны кармалды.

1 миллион 248 миң сомдук кийим-кече жана «Цефазолин-Акос» дары-дармек түрүндөгү 14 кап эл керектөөчү товарлар табылган.

Учурда бул факты боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Добавить комментарий