УКМК Бишкек жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорт ишканасынын жетекчисин пара менен кармады

Бишкек жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорт ишканасынын оперативдүү бөлүмүнүн начальниги кызмат абалынан пайдаланып, коркутуп-үркүтүп, Бишкек линиялык каттамдарынын айдоочуларынан пара алган.

УКМК маршруттук таксилердин айдоочуларынан системалуу түрдө опузалап акча талап кылууда көрсөтүлгөн туруктуу коррупциялык схеманы аныктады.

17-ноябрда УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, 15 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен Бишкек шаардык жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорт ишканасынын ыкчам башкармалыгынын башчысы М.К.Дж. кармалды.

Тергөөнүн версиясы боюнча, кармалган адам кызмат абалынан пайдаланып мыйзамсыз киреше алуу жана баюу максатында линиялык жүргүнчү ташыган автобустардын айдоочуларынан акча өндүрүү боюнча коррупциялык схеманы уюштурган.

УКМК маалыматы боюнча, шектүү «айдоочуларга психикалык басым жасоо жана коркутуу, ошондой эле айдоочуларды каттамдан четтетүү же жумуштан кетирем деп коркутуу жолу менен дайыма айдоочулардан акча талап кылган».

Аталган факты КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгүнүн («Опузалап пара талап кылуу») негизинде КЖБРге каттоого алынган.

Шектүү 15-ноябрда кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Добавить комментарий