Тез жана адаттан тыш өлүм: КР УКМК аскер кызматкери тамагы ооруп, кансырап каза болду

2022-жылдын күзгү чакырылышынын жоокери ден соолугу кескин начарлап каза болгон.

Бул тууралуу КР УКМКнын маалымат жана байланыш башкармалыгы билдирди.

Алдын ала маалыматтар боюнча, үстүбүздөгү жылдын күзүндө чакырылган аскерге чакырылуучу А. Т. у. эртең менен саат 05:45 дене табы көтөрүлүп, тамак ооруп жаткандыгы тууралуу арыз менен аскер бөлүктүн медициналык борборуна кайрылган. Аскердик бөлүктүн медициналык госпиталына жаткырылган.

Саат 15:00 чамасында жоокердин ден соолугунун абалы кескин начарлап, анын алдында ооз көңдөйүнөн бир жолу ашказанынан кан кеткени айтылат маалыматта.

«Ал дароо тез жардам кызматын чакырып, келген маалда аскер кызматкери каза болгонун билдирген», — деп айтылат маалыматта.

Окуянын себептерин жана жагдайларын аныктоо үчүн иликтөө иштери башталды. Ошондой эле Аскердик прокуратуранын жана Ички иштер министрлигинин өкүлдөрүнүн катышуусунда аскер кызматкеринин сөөгүн экспертизалоо жүргүзүлдү.

Экспертизанын жыйынтыгын алуу үчүн Бишкекке жөнөтүлдү.

Добавить комментарий