Темир сыныктары менен түшкөн сүрөткө жарым миллион сом: Караколдо эркек киши алдамчынын “жемине” түштү


    Warning: file_get_contents(/home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/uploads/2023/01/speech-84984-1675057420-1.mp3): failed to open stream: No such file or directory in /home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/themes/manas-theme/single.php on line 21
  • Прослушать

Алдамчы металл сыныктарын сатканы үчүн алдоо жолу менен жарым миллион сом алган. Милиция аны кармап кетти.

Караколдо алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Белгиленгендей, 14-январда Каракол ИИБга Бишкек шаарынын 28 жаштагы тургуну кайрылган. Анын айтымында, 13-январь күнү бир жигит ага ишеним артып, андан металл сыныктарын алуу үчүн 528 миң сом алып, изин жашырып кеткен.

Арыз ээси январдын башында ага бир жигит телефон чалып, 78 тонна металл сыныктарын 19,5 сомдон сатып алууну сунуштаганын түшүндүргөн. Андан сырткары Каракол шаарында жайгашкан делген металл сыныктарынын сүрөттөрүн уюлдук телефон аркылуу жөнөткөн.

Жолугушууда ал арыздануучудан Каракол шаарына барып келүү үчүн 10 миң сом жана темир сыныктарын ташыган жүк ташуучу унааны ижарага алуу үчүн дагы 18 миң сом сураган. 13-январь күнү алар Каракол шаарында жолугуп, ал жерден жигит темир сыныктарын төлөш үчүн 500 миң сом сурап, акчасын алып изин жашырып кеткен.

Көп өтпөй милиция алдамчылыкка шектүү Бишкек шаарынын 1982-жылы туулган тургуну Д.С.ны кармады. Каракол шаардык соту аны 2-февралга чейин камакта калтырды.

Добавить комментарий