Тажикстандын түндүк аймагында микроавтобус 200 метрлик сайга кулап кеткен каргашалуу кырсык катталды.
Акыркы маалыматтар боюнча, кырсык алты адамдын өмүрүн алып, дагы үчөө жарадар болгон.
Республиканын Өзгөчө кырдаалдар жана жарандык коргонуу комитетинин маалыматы боюнча, жол кырсыгы Дүйшөмбү-Ходжент-Чанок унаа жолунун 154-чакырымында болгон. Старекс кичи автобусунун айдоочусу Айни районунун борборунан Пенджикент шаарын көздөй бара жатып рулду башкара албай калган. Тилекке каршы, айдоочу жана беш жүргүнчү каза болушкан.
Жарга түшкөн куткаруучулар каза болгондордун сөөгүн алып чыгышкан.
Ар кандай жаракаттарды алган эки бала жана бир аял Айни аймактык ооруканасына жаткырылды.
Кырсык болгон жердеги абал бийлик өкүлдөрүнүн көзөмөлүндө.