Танзанияда жүргүнчү учагы көлгө кулап, 19 адам каза болду

Жекшемби күнү, 6-ноябрда жүргүнчү учагы Виктория көлүнө (Танзания) кулап түшкөн.

Бул тууралуу Танзаниянын премьер-министри Кассим Мажаливанын билдирүүсүнө таянуу менен Reuters билдирди.

«Бардык танзаниялыктар курман болгон 19 адам үчүн аза күтүүгө сиздер менен кошулушат», — деди Танзаниянын өкмөтүнүн башчысы учак кырсыгы болгон Букоба шаарында журналисттерге.

Танзаниянын эң ири шаары Дас-Эс-Саламдан Букобага бараткан жолдо Precision Air компаниясынын учагы катуу бороонго кабылып, Виктория көлүнө кулап түшкөн.

Расмийлер учакта 43 киши болгонун, алардын 26сы куткарылганын билдирди.

Precision Air — Танзаниянын эң ири жеке авиакомпаниясы. Букоба аэропортундагы конуу тилкесинин бир чети Африканын эң чоң көлү болгон Виктория көлүнүн жээгинде жайгашкан.

Добавить комментарий