Таласта дайынсыз жоголгон жаран унаасын ал жерден алып чыгып, каналдан табылды


    Warning: file_get_contents(/home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/uploads/2022/09/speech-77214-1664356720-1.mp3): failed to open stream: No such file or directory in /home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/themes/manas-theme/single.php on line 21
  • Прослушать

Буга чейин унаасы Чоң-Талас каналынан табылган дайынсыз жоголгон жаранды издөө иштерин ӨКМдин Талас облусунун куткаруучулары жүргүзүштү.

Каналдан эркек кишинин жансыз денеси табылган, буга чейин анын унаасы ошол жерден чыгарылып кеткенин ӨКМдин Талас облусу боюнча башкармалыгы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, 24-сентябрда Кара-Буура районунун Ак-Башат айылынын тургуну 60 жаштагы А.А. мал базарга кеткен бойдон дайынсыз жоголгон.

Дүйшөмбү күнү, 26-сентябрда “112” кызматына жогорудагы жарандын Ауди-80 үлгүсүндөгү унаасы Көк-Дөбө айылынан өтүп бараткан Чоң-Талас каналынан табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Окуя болгон жерге Кара-Буура районунун No91 ПЧКнын 4 куткаруучусу жана туугандарынан 30 адам тартылып, унааны кран менен суудан чыгарышкан. Айдоочунун сөөгүн издөө иштери убактылуу токтотулган.

Издөө иштеринин натыйжасында суудан бир адамдын жансыз денеси табылып, ИИМге өткөрүлүп берилди.

Добавить комментарий