Талас облусунда жол кырсыгынын кесепетинен 5 адам ооруканага жеткирилди

Талас районунда алдыда келе жаткан унааны ашып кетүүнүн кесепетинен Хонда-Степвагон үлгүсүндөгү унаа оодарылып, арыкка түшүп кеткен.

Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунда жол кырсыгы катталып, беш адам жабыркады, деп билдирди Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик инспекциясынын басма сөз кызматы.

Ведомствонун маалыматы боюнча, 8-декабрда саат 01:30дар чамасында айдоочу А.Р. 1998-жылы туулган оң рулдуу «Хонда-Степвагон» үлгүсүндөгү унаанын алдында келе жаткан унааны басып өтүп, жолдон чыгып кетип, унаа оодарылып кеткен.

Кырсыктын кесепетинен 5 адам жабыркап, бардыгы ооруканага жаткырылган.

Учурда унаа айып жайга киргизилип, окуянын себептери такталууда.

Добавить комментарий