Судандын түштүгүндөгү жер талаштары жергиликтүү калктын жүздөгөн курмандыктарына алып келди


    Warning: file_get_contents(/home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/uploads/2022/10/speech-78863-1666614718-1.mp3): failed to open stream: No such file or directory in /home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/themes/manas-theme/single.php on line 21
  • Прослушать

Апта соңунда Судандын Көк Нил провинциясында чек ара талаштары кайрадан тутангандыктан 200дөн ашуун жайкын тургун набыт болду.

Бул тууралуу жекшембиде өкмөт өкүлү билдирди, деп жазат AP.

Эфиопия жана Түштүк Судан менен чектеш Көк Нил провинциясында жер талаштан улам ушул айдын башында салгылашуулар кайра жанданды. Анда Батыш Африкадан чыккан хауса уруусу Берт элине каршы чыгат.

Шаршемби жана бейшемби күндөрү Эфиопия менен чектешкен Вад-эль-Махи шаарында чыңалуу күчөгөнүн жергиликтүү бийлик өкүлдөрү билдирди.

Ишемби күнү кечинде расмий өкүлдөр кеминде 220 киши өлдү деп эсептешкен, бирок медициналык топтор уруштун борборуна жете албагандыктан, бул көрсөткүч алда канча жогору болушу мүмкүн.

Согуш болгон жерлерде – өрттөлгөн үйлөр жана күйгөн денелер; аялдар менен балдар согуш талаасынан качышат.

Уруштан 7 миңдей киши Русиарисге көчүрүлгөнү айтылууда. БУУнун гуманитардык иштерди координациялоо бюросу билдиргендей, башкалары коңшу провинцияларга качып кетишкен. Жалпысынан быйыл өлкө боюнча уруулар арасындагы зордук-зомбулуктан жана башка кол салуулардан улам 211 миңдей адам үй-жайын таштап кеткен.

Эки фракциянын ортосундагы салгылашуу биринчи жолу июль айынын орто ченинде башталып, октябрдын башына карата кеминде 149 адам өлгөн. Бул катуу нааразылык акцияларына алып келип, Көк Нилдеги жана башка провинциялардагы эки уруунун ортосундагы тирешүүнү күчөткөн.

Бир нече күндөн кийин өлкөнү ого бетер башаламандыкка батырган аскердик төңкөрүштүн бир жылдыгы өтөт. Төңкөрүш 2019-жылдын апрель айында элдик көтөрүлүштө бийликтен четтетилген Омар ал-Баширдин тушундагы отуз жылга жакын репрессиядан кийин өлкөнүн демократияга кыска өтүү жолун бузуп салды.

Акыркы апталарда аскерий күчтөр менен демократиялык кыймыл кырдаалды жөнгө салуу үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Генералдар жарандарга 24 айдын ичинде шайлоо аркылуу өлкөнү жетектей турган премьер-министрди дайындоого макул болушту.

Бирок, Көк Нил штатындагы зомбулук бул процессти жайлатышы мүмкүн. Бийликтеги генералдар менен келишим түзбөгөн нааразылык топтору төңкөрүштүн бир жылдыгына карата шейшембиге белгиленген согушка каршы массалык демонстрацияларга даярданууда.

Добавить комментарий