4-январда Сомалиде теракт болгон. Окуя боюнча бардык шектенүүлөр «Аш-Шабааб» радикалдык террордук тобуна таандык.
Сомалинин Хиран аймагындагы жарылуунун натыйжасында 15 киши каза болду. Маалыматка ылайык, эки унаа жардырылып, имараттар талкаланган.
Махас округунун комиссары Мумин Мохамед Халан кол салуу Хиран районундагы антитеррордук операцияларга жооптуу мамлекеттик кызматкерлердин үйлөрүн бутага алганын, бирок жарылуу учурунда үйдүн ичинде аскерлер гана болгонун айтты. Анын айтымында, бомба коюлган эки унаа өкмөт өкүлдөрүнө арналган, бирок курман болгондордун көбү карапайым адамдар.
«Биз бул кол салуу тууралуу көбүрөөк маалымат чогултуп жатабыз жана жакын арада курман болгондордун санын жарыялайбыз», — деди комиссар телефон аркылуу.
Бирок окуяга күбө болгондордун айтымында, каза болгондордун саны дагы өсүшү мүмкүн.
Азырынча жардыруулар үчүн жоопкерчиликти эч бир уюм өзүнө ала элек, бирок 2007-жылдан бери Сомалинин өкмөт өкүлдөрүнө жана Африка биримдигинин (АУ) тынчтык орнотуучу күчтөрүнө каршы террордук чабуулдар радикалдуу “Аш-Шабааб” тобу тарабынан уюштурулуп келет.
Белгилей кетсек, Хиранданын өкмөтү бир нече ай мурун “Аш-Шабааб” тобуна каршы чоң кампания баштагандан бери бул топ чабуулдарын күчөткөн. Сомалинин президенти Хасан Шейх Мохамуд козголоңчуларды 15 жылдан бери жетектеп келе жаткан исламчыл топко «толук согуш» жарыялады.