Сокулукта зомбулуктан каза болгон аялдын жансыз денеси табылды

Сокулукта мас жигит чоң энесине аракка акча бербей койгону үчүн балта менен кол салган.

Чүй облусунун Сокулук районунда 23 жаштагы жигит чоң энесин балта менен өлтүргөн. Бул тууралуу Kaktus.media укук коргоо органдарына шилтеме берүү менен жазат.

Алардын айтымында, бүгүн, 19-октябрда милицияга Сокулуктагы үйлөрдүн биринен зомбулуктан каза болгон аялдын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Көрсөтүлгөн дарекке барган милиция кызматкерлери үйдүн кожойкеси 1952-жылы туулган аялдын жансыз денесин табышкан. Алгачкы экспертиза аны балта менен чаап өлтүргөнүн көрсөткөн.

Тартип сакчылары өлтүрүлгөн аялдын небересин кармашты, ал мас абалында алкоголдук ичимдик үчүн акча бербей койгондуктан чоң энесин балта менен чаап жибергенин мойнуна алды. Учурда тергөө иштери уланууда.

Добавить комментарий