Россиялык жаран Кыргызстанга 15 iPhone телефонун алып өтүүгө аракет кылган

Кыргызстандын “Манас” аэропортунун кызматкерлери Дубайдан Бишкекке учуп келген жүргүнчүдөн контрабандалык жүктү кармашты. Кармалган РФ жараны iPhone телефондорун мыйзамсыз алып келүүгө аракет кылган.

“Манас” аэропортунун бажысынан iPhone 14 PRO смартфондорун мыйзамсыз алып өтүүгө аракет жасалган. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Белгиленгендей, 17-сентябрда «Манас» бажысынын кызматкерлери Дубайдан учуп келген жүргүнчүлөрдү текшерүү учурунда 15 даана IPhone 14 PRO үлгүсүндөгү уюлдук телефондорду мыйзамсыз алып келүүгө аракет кылган Россиянын жараны М.Г.О.ну кармашкан.

Кармалган аппараттардын сметалык баасы 2 миллион 116,5 миң сомго бааланган.

Материалдар КЖБРде каттоодон өтүп, тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилди, деп айтылат маалыматта.

Добавить комментарий