Пакистанда жаан-чачындуу мезгил уланууда: күн сайын жаңы курмандыктар

Пакистанда нөшөрлөп жааган жамгырдан улам адамдар күн сайын каза болушат. Каза болгондордун көбү аялдар жана балдар. Бүгүнкү күндө каза болгондордун саны 1000 ашты.

Бул тууралуу BBC кабарлады.

Белгиленгендей, расмий маалыматтар боюнча, акыркы 24 сааттын ичинде эле Пакистанда 75 адам селдин курмандыгы болду.

Тышкы иштер министри Билавал Бхутто-Зардаринин айтымында, каза болгондордун үчтөн бири балдар.

Пакистандын климат министри Шерри Рехман кырсыкты «укмуштуудай масштабдагы кризис» деп атады.

«Азыр Пакистандын үчтөн бир бөлүгү суу астында калды», — деди ал.

Стихия Пакистандын экономикасына олуттуу зыян келтирди. Пландоо министри Ахсан Икбал алдын ала эсептөөлөр боюнча келтирилген зыян 10 миллиард доллардан ашканын белгиледи.

Ал кошумчалагандай, өлкөдө пахтанын дээрлик жарымын суу алып кетип, жашылча, мөмө-жемиш, күрүч талааларына олуттуу зыян келтирген.

Пакистандын премьер-министри Шехбаз Шариф табигый кырсыктын кесепетинен өлкөдө миллиондогон үйлөрдүн кыйрап калганын билдирди. Пакистанда суу ташкынынан жабыркагандардын жалпы саны 33 миллионго жетет.

Добавить комментарий