Ошто адам өлүмү менен коштолгон мушташ чыкты: «Пекин» мейманканасында кызматкер жетекчисин өлтүрдү

Ош шаарындагы Пекин мейманканасында кытай жарандарынын ортосунда мушташ чыгып, жыйынтыгында алардын бири жүрөгүнө бычак сайылып каза болгон.

Ош шаарында адам өлтүрүүгө шектелип Кытай жараны кармалды, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматына таянуу менен бул адам өлүмү менен коштолгон окуя.

Шаардык милициянын маалыматына караганда, 8-ноябрь күнү саат 10:00дөр чамасында А.Навои көчөсүндө жайгашкан Пекин мейманканасында Кытайдын 1978-жылы туулган Д.Ж. аттуу жараны өлтүрүлгөн. Өзгөчө оор кылмышка шектелип анын жердеши, 1980-жылы туулган Кытай жараны К.П. кармалды.

ШИИБ шектүү күнөөсүн мойнуна алганын айтууда. Анын айтымында, кылмыштын жасалышына пикир келишпестиктер себеп болгон. Шектүү жабырлануучу анын жетекчиси экенин жана айлык акыга карызы бар экенин айткан.

Тергөө кызматы бул билдирүүлөрдү тактап жатат.

Соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Тергөөчүлөр кылмышка шектүүнүн жердештерин жана окуянын күбөлөрүн суракка алууда.

Кытай жараны Ош шаардык ИИБ УКЖсына жайгаштырылды.

Добавить комментарий