Ошко жакын жерде бензин куюлган цистерналар оодарылып кетти: жол көзөмөлдөөчү каза болду (ВИДЕО)

Оштун жанында ӨКМ кызматкерлери өрттөнүп кетүү коркунучу жогору болгондуктан, оодарылып кеткен цистерналардагы бензинди башка контейнерге куюп жатышат. Бир киши каза болгону кабарланууда.

ӨКМ маалыматына караганда, 21-декабрда Нариман айыл аймагынын аймагында жайгашкан ӨКМдин Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү түштүк борборунун мунай базасынын жанында 3 вагон рельстен чыгып, оодарылып кеткен.

Окуянын кесепетинен жол көзөмөлдөөчү 1963-жылы туулган Э.У. каза болгон. Анын сөөгү азырынча унаанын астынан чыгарыла элек.

Өрттүн алдын алуу үчүн куткаруучулар бензинди цистерналардан башка цистерналарга куюшат.

Добавить комментарий