Ош облусунда «Тойота» унаасынын айдоочусу жөө жүргүнчүнү сүзүп качып кеткен

5-ноябрда Ош облусунда жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен. Шектүү кармалган.

Ноокат районундагы ушул эле аталган айыл аймагынын Көк-Жар айылында айдоочу жөө жүргүнчүнү сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен, деп жазат Turmush басылмасынын кабарчысы.

Жол кырсыгы 5-ноябрь күнү саат 23:55тер чамасында болгон. Унаанын айдоочусу Ноокат районунун 1972-жылы туулган тургуну А.Б.ны сүзүп, андан кийин ал изин жашырып кеткен.

Жабырлануучу Ноокат аймактык ооруканасына жеткирилген.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө айдоочунун өздүгү такталды. Анда Тойота Королла унаасын айдап бара жаткан Баткен облусунун Кадамжай районунун 1993-жылы туулган тургуну М.Ж. болуп чыкты. Аны Ноокат районунун милиция кызматкерлери жана МАИ инспекторлору кармап, тергөө кызматына алып кетишкен.

Автоунаа менен сүзүү фактысы боюнча материалдар КЖБРге катталды.

Унаа айып жайга киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.

Добавить комментарий