Непалда катуу жер титирөө болду: жер титирөө Индияда сезилди

Непалда 9-ноябрда катуу жер титирөө болуп, күчү 6,6 баллга жеткен.

Непалдын батышында болгон жер титирөө кеминде алты адамдын өмүрүн алып, бир нече үйдү кыйратты, деп жазат Reuters.

Шаршемби күнү эртең менен Непалда күчү 6,6 баллга жеткен жер титирөө болуп, андан кеминде алты адам каза болуп, батыштагы Доти районунда бир нече үй кыйрап калды.

Дагы беш киши оор жаракат алып, жалпысынан сегиз үй урап түшкөнү белгиленди.

Жер титирөөнүн очогу Полибхит шаарынан 158 чакырым түндүк-чыгышта жайгашкан. Учурда аймакта тик учактардын жардамы менен куткаруучулардын эки тобу иштеп жатат.

ЖМКлардын маалыматына караганда, жер титирөө Индиянын борбору Нью-Дели шаарында, Доти аймагынан 350 чакырым алыстыкта ​​да сезилген.

Эске салсак, Непал 2015-жылдагы эки күчтүү жер титирөөдөн дээрлик 9 миң адамдын өмүрүн алып, бүтүндөй шаарларды жана кылымдар бою сакталган храмдарды талкалап, экономикасы 6 миллиард долларлык чыгымга учурагандан кийин дагы эле калыбына келтирилүүдө.

Добавить комментарий