Москвада кыргызстандык таксисттин өлүмүнүн чоо-жайы аныкталды

Россияда кыргызстандык 50 жаштагы таксисттин өлүмүнүн чоо-жайы белгилүү болду. Тергөөнүн айрым деталдарын Москванын прокуратурасы билдирди.

«21-ноябрга караган түнү айыпкер Елнинская көчөсүндөгү үйдүн короосунда токтоп турган таксинин арткы жүргүнчү отургучунда 50 жаштагы айдоочуга кол салып, аны сабап, пластикалык кыскычтары менен колдорун байлап койгону аныкталган. Андан кийин Коопсуздук курун адамдын мойнуна тагып, муунтуп өлтүргөн. Андан кийин айыпталуучу 5 мин рублди жана өлтүрүлгөндүн банк картасын уурдап, кылмыш болгон жерден качып кеткен», — деп айтылат маалыматта.

Сот мурда соттолгон 33 жаштагы шектүүгө карата 2023-жылдын 21-январына чейин камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасын тандаган. Ага тоноочулук менен байланышкан адам өлтүрүү беренеси боюнча айып тагылган. Тергөө кармалган адамдын ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгы бар-жоктугун текшерет.

Эске салсак, буга чейин бул ишти иликтөөнү Кыргызстандын Россиядагы элчилиги көзөмөлгө алган.

Добавить комментарий