Москва районунун Беловодское айылында мас абалында адам өлтүрүү фактысы катталды

Москва районунда мас абалында болгон мушташ учурунда бир адам күч колдонуп өлтүрүлдү. Милиция тергөө иштерин жүргүзүүдө.

Москва районунда адам өлтүрүү фактысы катталып, кылмышка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ИИББ басма сөз кызматы билдирди.

18-ноябрда милицияга Беловодское айылындагы үйлөрдүн биринен зомбулуктан каза болгон адамдын жансыз денеси табылганы тууралуу маалымат түшкөн.

Бул 1981-жылы туулган З.А. болуп чыкты.

Тергөө-ыкчам-издөө иш-чараларынын комплексин жүргүзүүдө Чүй облусунун ИИБ КИБ жана Москва районунун ИИБ КИБ кызматкерлери шектүүнү кармашкан. Ал Жайыл районунун Ново-Николаевка айылынын тургуну, 1983-жылы туулган Саров болуп чыкты. Ал мойнуна алган көрсөтмөлөрүн берди.

Кармалган жаран УКЖга киргизилип, андан кийин сот аны 2 айга камакка алган.

Тергөөнүн жүрүшүндө кылмыш мас абалындагы чыр-чатактын негизинде жасалгандыгы аныкталды.

Тергөө уланууда.

Добавить комментарий