Милиция 19 жаштагы кызды өлтүргөн адамдын изине түштү: анын сөөгү дарыядан табылды

Жаш кызды өлтүргөн адам табылды. Эркек киши жасаган кылмышын мойнуна алган.

Мурда соттолгон 58 жаштагы жаран кызды Жалал-Абадга алып барам деп убада берип, жолдон өлтүрүп койгонун мойнуна алган. Бул тууралуу Kaktus.media Жалал-Абад облустук ИИБ алынган маалыматка таянуу менен билдирди.

Маалым болгондой, 8-ноябрь күнү саат 09:30дар чамасында Ноокен районунун аймагындагы дарыядан 19 жаштагы кыздын жансыз денеси табылган.

Көп өтпөй милиция кызматкерлери 1964-жылы туулган, мурда бир нече жолу соттолгон, анын ичинде зордуктоо боюнча соттолгон О.А.нын изине түшкөн. Акыркы жолу ал адам баңги заты үчүн соттолгон.

Кылмышка шектүү Жалал-Абадга бараткан жолдо Базар-Коргон районунун Акман айылынан бир кызды унаасына салып, Сузак районунан өлтүрүп, андан соң Ноокен районуна алып барып сөөктү дарыяга ыргытып жибергенин тергөөгө билдирген.

Кармалган жаран СИЗОго жөнөтүлдү.

Добавить комментарий