Миланда соода борборунун кызматкери бычак менен кол салган


    Warning: file_get_contents(/home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/uploads/2022/10/speech-79247-1666953997-1.mp3): failed to open stream: No such file or directory in /home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/themes/manas-theme/single.php on line 21
  • Прослушать

Миланда, Milanofiori di Assago соода борборунда бир адам борбордун зыяратчыларына жана кызматкерлерине бычак менен катуу жаракат келтирген. Бир киши каза болгону кабарланууда.

Миланда 46 жаштагы киши бычак менен куралданып, Milanofiori di Assago соода борборунун зыяратчыларына жана кызматкерлерине кол салган. Окуянын натыйжасында бир адам каза болгонун ANSA агенттиги билдирди.

Басылманын маалыматына караганда, кол салган адам соода борборуна келип, витринадагы муздак куралдарды алып, адамдарды ылгабай урган.

Жалпысынан кол салган адам бешөө жарадар кылып, алардын бири каза болгон. Ал борбордун кызматкери экени белгиленген. Үч жаракат алган адамдын абалы оор деп бааланууда, алар ооруканада.

Полиция кол салган адамды кармады. Мекеменин маалыматына караганда, ал киши узак убакыт бою депрессиядан дарыланган.

Добавить комментарий