Лебединовкада медициналык маска кийген белгисиз адамдар жергиликтүү тургунду сабап, тоноп кетишкен


    Warning: file_get_contents(/home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/uploads/2023/02/speech-85303-1675337966-1.mp3): failed to open stream: No such file or directory in /home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/themes/manas-theme/single.php on line 21
  • Прослушать

Лебединовкада жергиликтүү тургунга каракчылык менен кол салуу болду. Кылмышка шектүүлөр кармалды.

Аламүдүн районунда тоноочулукка шектелип үч жигит кармалды. Бул тууралуу Чүй ИИББ басма сөз кызматы билдирди.

31-январда милицияга арыз менен 1998-жылы туулган У.И. кайрылган. Анда ал эртең менен Лебединовка айылындагы үйүнүн жанынан медициналык беткап кийген белгисиз адамдар сабап, iPhone 11 жана 40 миң сомун алып кетишкенин айткан.

Аталган факты Аламүдүн РИИБга КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (каракчылык) менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн комплекстүү тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө Чүй ИИББнын КИБ жана Аламүдүн РИИБнын кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 1997-жылы туулган Э.Б., 2001-жылы туулган Д.М., 2001-ж., 1998-жылы туулган О.О. кармалган. Алар УКЖга жайгаштырылды.

Тергөө иштери уланууда.

Добавить комментарий