Кыргызстандын Улуттук коопсуздук кызматы баңги топтун мүчөлөрүн зыянсыздандырды

Жалал-Абадда Кыргызстан менен Өзбекстандын жарандары болгон эл аралык маңзат тобунун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу УКМК басма сөз борбору билдирди.

«Ленин жана Эркиндик көчөлөрүнүн кесилишинде Токтогул атындагы парктын жанында Анжиян облусунун 34 жаштагы тургуну Х.Ш.Ш. кармалган. Ал 2 килограмм 300 грамм чарс менен кармалган. Жаран Жалал-Абад областынын Арал айылында жашаган кыргыз жараны П.О.А. аркылуу Өзбекстанга баңги затын ташууну пландаган», — деп айтылат маалыматта.

Ал эми шериги автобекеттин жанынан кармалып, УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгынын тергөө бөлүмүнө жеткирилди.

Кармалгандар СИЗОго киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.

Добавить комментарий