КР Коргоо министрлиги тарабынан 1 миллион сом бюджеттик каражат бөлүнгөн

Кыргызстандын Коргоо министрлигинин кызмат адамдары кызмат абалынан пайдаланып, ведомствонун аскер бөлүктөрүнүн биринде курулуш иштерин жүргүзүүдө бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдаланышкан.

Аскердик прокуратуранын текшерүүсүндө Коргоо министрлигинин жана «Аскер курулуш» мамлекеттик ишканасынын кызмат адамдары тарабынан аскер бөлүктөрүнүн биринде тосмо курууда бюджеттик каражаттарды ыйгарып алуу фактылары аныкталган. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Аткарылган иштердин актыларына бул иштердин көлөмү жана пайдаланылган материалдар тууралуу көбүртүп-жабыртылган маалыматтарды киргизүү жолу менен акча каражатын уурдоо ишке ашырылган. Натыйжада мамлекетке 1 миллион сомдон ашык материалдык зыян келтирилген.

Бул факты боюнча Аскердик прокуратура тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин «Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу», «Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу жана ыйгарып алуу» жана «Кызматтык жасалмачылык» беренелери боюнча кылмыш иши козголду.

Добавить комментарий