Козу карынга кетип, кайтып келген жок: ӨКМ жоголгон баланын жансыз денесин тапты

Барскоон капчыгайында өспүрүм каза болду. Капчыгайда козу карын терип, аскага кулап түшкөн. Баланын каза болгондугу тууралуу маалыматты ӨКМ басма сөз кызматы тастыктады.

Маалыматка ылайык, 19-июль күнү саат 18:00 чамасында Кичи-Жаргылчак айылынын 2007-жылы туулган тургуну А.Ж. Барскоон шаркыратмасынын аймагына козу карын терүүгө чыгып, дайынсыз жоголгон.

Ысык-Көл облусунун ИИБ басма сөз кызматы билдиргендей, жашы жете электи издөөгө райондук милициянын кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар тартылган.

«Ошол эле күнү издөө иштеринин жүрүшүндө Барскоон-Кумтөр жолундагы үчүнчү көпүрөнүн жанындагы тоолуу аймактан өспүрүмдүн жансыз денеси табылган. Алдын ала версия боюнча, бала аскадан кулап кеткен», — деп билдирди милиция. 

Өспүрүмдүн өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Текшерүү жүргүзүлүүдө.

 

Добавить комментарий