Караколдо бандиттик кол салууга катышкан үч жаран милиция тарабынан кармалды. Тергөө иштери жүрүп жатат


    Warning: file_get_contents(/home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/uploads/2022/09/speech-76050-1662725335-1.mp3): failed to open stream: No such file or directory in /home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/themes/manas-theme/single.php on line 21
  • Прослушать

Каракол шаарында тоноо жана опузалап акча талап кылуу максатында жергиликтүү эки тургунга бандиттик кол салуу жасалган. Кол салуудан жабыркагандар жарадар болушкан.

Бул тууралуу аталган облустун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 6-сентябрда облустук аймактык ооруканадан Каракол шаарынын тургундары 28 жаштагы Ш.А. жана 30 жаштагы М.Э. аттуу эки жаран денесинен жаракат алып кайрылганы тууралуу маалымат түшкөн.

Ошол эле түнү саат 01:00 чамасында үч белгисиз адам алардын батирине кирип, денесине залал келтирип, Honor 8 жана Redmi Note 11 үлгүсүндөгү смартфондорун жана акчасын алып кетишкени аныкталган. Андан соң Ш.А. «Мерседес» үлгүсүндөгү унаасын алып, эртеси күнгө чейин 500 миң сом талап кылышкан.

Аталган факты КЖБРге «Каракчылык» беренеси менен катталган.

Кылмышка шектүүлөр Тоң районунун 25 жаштагы Т.К., Түп районунун 28 жаштагы И.М. жана Жети-Өгүз районунун 28 жаштагы Ө.С. аттуу жарандары болгон.

Алдын ала сурак учурунда кармалгандар тоноо боюнча күнөөсүн толугу менен мойнуна алышты.

Кармалгандар 2 айга камакка алынды.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Добавить комментарий