Кыргызстандын УКМКсы Эсеп палатасынын аймактык бөлүмүнүн кызматкери тарабынан 100 миң сом өлчөмүндө пара алуу фактысын аныктады. Аял кармалган.
УКМКнын маалыматына караганда, КР Эсептөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын облустарындагы аймактык бөлүмүнүн кызматкери аталган муниципалдык субъекттин финансы-чарбалык ишин текшерүү боюнча маселени оң чечкендиги үчүн Нарын облусунун Жумгал районунун Таш-Мойнок айылдык округунун мурдагы башчысы А.М.дан 160 миң сом талап кылгандыгы аныкталды.
Жүргүзүлгөн иш-чаранын натыйжасында 2023-жылдын 19-майында КР УКМК тарабынан кылмышка шектүү В.Ш. 100 миң сом алып жаткан жеринен кармалган. Бул аракет КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү менен пара талап кылуу катары квалификацияланган кылмыш болуп саналат.
Учурда бул кылмышка тиешеси бар бардык адамдарды аныктоо максатында ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Кармалган кызматкер Бишкек шаарындагы СИЗО-1 абагында.