Эркек киши үйүндө 11 кг баңги затын КР ар кайсы аймактарына сатуу үчүн сактап жүргөн. Ал кармалган

Бишкекте баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү башкармалыгына Чүй жана Талас облустарында баңги затын таратып жүргөн белгисиз адам боюнча маалымат түшкөн.

ИИМдин басма сөз кызматы 29-сентябрда билдиргендей, бул факт Жазык кодексинин 282-беренесинин 1-бөлүгүнүн («Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо») негизинде Жазык кодексине катталды. 

Баңгизат менен күрөшүүчүлөр шектүүнүн өздүгүн аныкташты. Ал Бишкек шаарында убактылуу жашаган 1972-жылы туулган С.К. болуп чыкты.

Анын үйүндө тинтүү иштери жүргүзүлгөн. Ошентип, гараждан үч желим литрлик бөтөлкө жана ичинде майлуу суюктук салынган чоң канистр табылган.

Экспертизанын алдын ала корутундусуна ылайык, бул суюктук кара куурайдын экстракты болуп саналат. Жалпы салмагы 11 кг 410 грамм кара куурай экстракты болгон.

Натыйжада кылмышка шектүү кармалды. Тергөө иштеринин алкагында бул иш боюнча башка айыпталуучулар аныкталууда.

Добавить комментарий