Эмгек министрлигинин кызматкерлери менен “Кыргыз почтасынын” кызматкерлери бюджеттик каражаттарды чыгарып алуу схемасын уюштурушту


    Warning: file_get_contents(/home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/uploads/2023/02/speech-85611-1675833623-1.mp3): failed to open stream: No such file or directory in /home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/themes/manas-theme/single.php on line 21
  • Прослушать

Талас облусунда Эмгек министрлигинин жана «Кыргыз почтасынын» кызматкерлери бир нече жылдан бери бюджеттин акчасын кымырып алышкан.

Калктын аярлуу катмарына багытталган акча уурдоо фактысы боюнча кылмыш иши козголду, деп билдирди 7-февралда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы.

Талас облусунун прокуратурасы тарабынан 2019-жылдан 2022-жылга чейин Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин райондор аралык бөлүмүнүн жооптуу кызматкерлери «Кыргыз почтасы» ААКнын Талас облустук филиалынын кызматкерлери менен алдын ала сүйлөшүп алып, жалган маалымат киргизгендигин аныктады. Социалдык жардамдын Корпоративдик маалыматтык системасы жана калктын аярлуу катмарына багытталган акча каражаттарын системалуу түрдө чыгарып турган.

Алдын ала эсептөөлөр боюнча, мамлекетке 3 миллион сомдон ашык зыян келтирилген. Аталган факты КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси («Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу») менен катталган.

Натыйжада кылмышка шектүү делип Талас райондор аралык эмгек министерствосунун жетектөөчү адиси Х.Л.Н. жана “Кыргыз почтасынын” Талас райондук бөлүмүнүн башчысынын орун басары кармалды. Сот аларды үй камагына чыгарды. Учурда алар келтирилген зыяндын бир бөлүгүн – 2 миллион сом төлөп беришти.

Добавить комментарий