Иракта үйдүн чатырында газ баллон жарылып, үч үй талкаланды: издөө иштери жүрүп жатат

 

Иракта кырсыктан үч турак жай жана анын айланасы толугу менен талкаланды. Учурда издөө иштери жүрүп жатат. Өлгөн бар.

Ирактын Сулаймания шаарында үйдүн чатырына орнотулган газ баллону жарылып, кеминде беш киши каза болуп, 15и жараат алды. Бул тууралуу Al-Arabiya телеканалы билдирди.

Алдын ала маалымат боюнча, кырсыкка үч кабаттуу үйдүн чатырына орнотулган суюлтулган газ баллонунун жарылуусу себеп болгон.

Окуянын кесепетинен кошуна үч үй урап, бир нече унаа жабыркаган. Zagros News телеканалынын маалыматына караганда, кеминде 20 киши жараат алды. Кыйраган үйлөрдүн урандыларынын астында адамдар бар, кырсык болгон жерге жарандык коргонуунун он отряды кеткен. 15 адам ооруканага жаткырылды.

Добавить комментарий