Ипподромдогу адам өлтүрүү: адамдын сөөгү табылды, шектүү бар

Чүй облусунда чала тааныш адамдын жансыз денеси табылды. Шектүү буга чейин милиция кызматкерлери тарабынан кармалып, тергөө учурунда изоляторго киргизилген.

Бүгүн, 2022-жылдын 4-октябрында Москва районунун Ак-Суу айылынын ипподромунан 45-50 жаштар чамасындагы европа түспөлүндөгү белгисиз адамдын жансыз денеси зордук-зомбулук менен өлтүрүлгөн белгилери менен табылган. Бул тууралуу кененирээк Чүй облусунун ИИББдан билдиришти.

Бул факты Сокулук РИИБнын АИС КЖБРге «Адам өлтүрүү» беренеси менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Шектүү кармалып, ал 1986-жылы туулган К.К.Б. болуп чыкты. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Тергөө иштери уланууда.

Добавить комментарий