“Домодедово” аэропортунда кыргызстандыктардан 4 миллион доллар менен сумкалар уурдалган

Москванын Домодедово аэропортунда каракчылык болду. Келген кыргыздарды автоматчан адамдар 4 миллион долларга тоноп кетишкен. Баштыктарда бизнести сатып алуу үчүн акча болгон.

Baza 10-ноябрда билдиргендей, белгисиз адамдар автоматтар менен аэропортто кишилерге кол салып, бир нече сумка толтура акчаны уурдап кетишкен.

«Мынча чоң сумма менен эки киши Москвага бизнес сатып алуу үчүн учуп кетишкен. Алар акчаны декларациялап, акча менен сумкаларды көтөрүп аэропорттон чыгаары менен аларга эки машина жетип келип, автоматчан адамдар секирип чыгышкан. Каракчыларга ок атуунун кереги жок болду – кыргыздар аларга акчаны беришкен, андан кийин кылмышкерлер кетишкен. Кийинчерээк каракчылар келген эки унаа токойдо ташталган бойдон табылган», — деп жазат гезит.

Окуядан кийин дароо «Перехват» планы жарыяланды.

Учурда полиция тоноочуларды издеп жатат.

Добавить комментарий