Чиновниктер жана коррупция: КР Жаратылыш ресурстар министрлиги алтын казуу боюнча жасалма документтерди бекитти


    Warning: file_get_contents(/home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/uploads/2022/10/speech-78007-1665490195-1.mp3): failed to open stream: No such file or directory in /home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/themes/manas-theme/single.php on line 21
  • Прослушать

КРда Жаратылыш ресурстары министрлигинин кызматкерлери кызматтык абалынан пайдаланып, мамлекетке 100 миллион сом зыян келтиришкен.

Коррупцияга шектелип Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин (азыркы Жаратылыш ресурстары министрлиги) бөлүм башчысы жана директордун мурдагы орун басары кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Аталган факты боюнча КР Жазык кодексинин 336-беренеси «Коррупция» менен иш козголду. Маалыматка ылайык, 2018-2019-ж. бул кызмат адамдары алтын өндүрүүчүлөрдүн өкүлдөрү менен кылмыштуу бүтүмгө кирип, айрым алтын казуучу компаниялардын тиешелүү ченемдик-техникалык документтерин бекитишкен. Ошол эле учурда калдыктардын кооптуу классынын категорияларын аныктоочу реагенттер боюнча тастыктоочу документтер жана маалыматтар болгон эмес, бул КР мыйзамдарына карама-каршы келет. Ал эми анын кесепетинен мамлекетке 100 миллион сомдон ашык зыян келтирилген.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө 2022-жылдын 6-октябрында Жаратылыш ресурстар министрлигинин Мамлекеттик экологиялык экспертиза департаментинин башчысы С.Б.С. менен Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директорунун мурдагы орун басары Р.А.А. кармалып, Бишкек ИИББнын УКЖсына киргизилген. Аларга коррупция беренеси боюнча айып тагылып, баш коргоо чарасын камоо түрүндө тандашкан.

Учурда бул иш боюнча тергөө иштери уланууда.

Добавить комментарий