Чүй облусунда, Шектүү кармалды, Кыргызстан, сексуалдык кулчулук, адам сатуу


    Warning: file_get_contents(/home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/uploads/2022/09/speech-77202-1664350273-1.mp3): failed to open stream: No such file or directory in /home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/themes/manas-theme/single.php on line 21
  • Прослушать

 

Чүй облусунун милициясы адамдарды сексуалдык кулчулукка сатуунун мыйзамсыз каналынын бетин ачты. Шектүү кармалды.

Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкерлерине Чүй облусунун тургуну кыздарга чет өлкөдө жогорку маяналуу ишке орноштурууну убада кылганы тууралуу маалымат түшкөн. Алардын бири убадасына ишенип Түркияга кетип, акыры сексуалдык кулчулукка кабылган.

Аталган факты боюнча ИИМ КР Жазык кодексинин 166-беренеси («Адам сатуу») менен кылмыш ишин козгоду.

Шектүү ошол эле амал менен чет өлкөдө дагы бир кыргызстандык аялды ууландырууну пландаган, бирок ал ишке ашкан эмес — 1991-жылы туулган Ж.К. кармалган.

Сот аны камакка алды. Тергөө иштери уланууда.

Добавить комментарий