Ал киши Өзбекстанга мыйзамсыз кирүү үчүн кичи автобуска жашынган.
25-январда “Достук-автодорожный” өткөрүү пунктунда мамлекеттик чек араны бузган жаран аныкталганын 26-январда УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.
Өткөрүү пунктуна 1973-жылы туулган Кыргызстандын жараны М.Э.нын башкаруусундагы «Рено» үлгүсүндөгү кичи автобус келген. Бусик Кыргызстандан Өзбекстанга бара жаткан.
Текшерүү учурунда чек арачылар унаанын ичинде жашынган адамды табышкан. Жанында эч кандай документтери болгон эмес, ал кармалган.
Андан кийин анын өздүгү аныкталган. Кармалган Кыргызстандын жараны 1975-жылы туулган А.Б. болуп чыкты.
Бардык документтер толтурулгандан кийин ал кошумча иликтөө үчүн компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.