Стамбулдун борборунда бир жумадагы экинчи теракт — унаа жардырылды (ВИДЕО)

Стамбулда 15-ноябрда Фатих районунда унаа жарылган. ЖМК шаарда дагы бир теракт болгонун жазышууда.

Стамбулда бомба коюлган унаа жардырылды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Окуя 15-октябрда кечке жуук Стамбулдун тарыхый борборунда болгон. Түркиянын борбор калаасынын көпчүлүк кооз жерлери жана маданий баалуулуктары ошол жерде жайгашкан.

ЖМК Фатих аймагында катуу унаа жарылганын кабарлашты. Журналисттер жардырууну теракт катары баалашууда.

Өлкө бийлиги кол салуу тууралуу маалыматты азырынча тастыктай элек. Жабыркагандар да жок.

Эске салсак, Түркияда Стамбулдун борборунда жекшемби күнү, 13-ноябрда катуу жардыруу болгон. НТВ каналынын маалыматына караганда, жардыруу Таксим аянтына караган Истиклал көчөсүндөгү туристтик популярдуу жерде болгон.

Акыркы маалыматтар боюнча, алты адам каза болуп, дагы 81 адам жарадар болгон.

Стамбулдун Башкы прокуратурасы Истиклал проспектисиндеги жардырууну иликтөө үчүн сегиз прокурор жана эки башкы прокурордун орун басарын дайындады.

Жардыргыч затты аял таштап кеткени аныкталган.

Андан соң кол салууга болжолдуу күнөөкөр кармалганы белгилүү болду.

Добавить комментарий