Боз-Чычкан айылында жылкы жыгылып, жаш балдар каза болду

Ишемби күнү, 5-ноябрда Сузакта жылкы жыгылып, эки бала каза болду.

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда жылкы эки баланы басып калып, каза болду, деп жазат Turmush басылмасынын кабарчысы.

Барпин айыл аймагынын башчысы Нурлан Сейитбеков маалыматты тастыктап, кырсык 5-ноябрда Боз-Чычкан айылынын четинде болгонун билдирди.

Таш-Дөбө айылынын 2010-жылы туулган Э.Д. жана 2014-жылы туулган Э.Б. аттуу эки тургуну атчан болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча, жылкы күтүүсүздөн жыгылып, балдарды басып калган. Балдар жаныбардын астынан чыга албай каза болушкан.

Милицияга маалымат саат 16:00 чамасында Барпы айылдык ооруканасынын тез жардам станциясынан түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу барып, сөөктөрдү сырттан кароодон өткөрүп, материалдар чогултулган.

Каза болгондор аталаш бир туугандар болгон.

Добавить комментарий