Боом-Чолок жолунда адам өмүрүн алган жол кырсыгы катталды. Бекжан Темирхан каза болду

Боом капчыгайында адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыгы катталды. Унаанын айдоочусу көптөгөн жаракаттарды алып, дагы бир жүргүнчү, ырчы Бекжан Темирхан ошол жерден каза болгон.

Маалым болгондой, 10-ноябрда саат 22:00 чамасында Боом-Чолок унаа жолунун 9-чакырымында Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаанын 1997-жылы туулган айдоочусу У. уулу Т. рулду башкара албай, анын кесепетинен унаа тосмону сүзүп, оодарылып кеткен. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди

Алдын ала маалыматтар боюнча, унаа катуу ылдамдыкта келе жаткан.

Окуя болгон жерде 1995-жылы туулган Бекжан Темирхан каза болгон. Ал жүргүнчү отургучта отурган.

Айдоочу Кемин аймактык ооруканасына жеткирилген.

КР ӨКМ билдиргендей, нөөмөт бөлүмүнө Боом капчыгайындагы Семёновский көпүрөсүндө «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унаа Чу дарыясына түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Окуя болгон жерде төрт куткаруучу болгон. 1995-жылы туулган Т. уулу Б. каза болгон. Куткаруучулар жабырлануучуну унаадан чыгарышып, медициналык кызматкерлерге өткөрүп беришкен.

Аларга 1997-жылы туулган У. уулу Талгар түшкөнүн аймактык ооруканадан билдиришти. Ага баш мээнин жабык жаракаты, баш мээси чайкалып, конвульсиялык синдром деген диагноз коюлган.

Талгар ооруканага жаткыруудан баш тартты, амбулатордук негизде жардам көрсөтүлдү.

Ырчы Кызсайкал Кабылова 10-ноябрда Бекжан менен бирге Балыкчы шаарында тойдо иштешкенин билдирди.

Менеджер Мырзагүл Абдрахманова акыркы сапарга узатуу зыйнаты Бекжан туулуп-өскөн Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кызыл-Жар айылында пландалып жатканын билдирди.

2-октябрда ал 27 жашка толгон.

Добавить комментарий