Кыргызстанга келип, өлтүрүшкөн: милиция эки шектүүнү издеп жатат


    Warning: file_get_contents(/home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/uploads/2022/11/speech-79639-1667471425-1.mp3): failed to open stream: No such file or directory in /home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/themes/manas-theme/single.php on line 21
  • Прослушать

Кыргызстандын милициясы адам өлтүрүүгө шектелген эки адамды издөөнү баштады.

КР ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы тарабынан адам өлтүрүүгө шектүүлөр изделүүдө, деп билдирди бүгүн, 2-ноябрда ИИМдин басма сөз кызматы.

20-июнь күнү эртең менен Токтогул районунун Үч-Терек айылында зомбулуктан каза болгон европа улутундагы адамдын жансыз денеси арыктан табылган.

Аталган факты боюнча ИИМ КР Жазык кодексинин 122-беренеси («Киши өлтүрүү») менен кылмыш ишин козгоду.

Укук коргоо кызматкерлери маркумдун өздүгүн такташкан — ал 44 жаштагы Д.К. Тергөөнүн версиясы боюнча, ал июнь айында Россиядан эки жүргүнчүсү – 32 жаштагы Тилек Жаанбаев жана 24 жаштагы Аптандил уулу Марлен менен унаасы менен чыгып кеткен. Кыргызстанга келе жатып өлтүрүлүп, унаасын уурдап кетишкен.

Тергөөчүлөр унааны табышты, бирок шектүүлөр из жашырып жатышат.

Буга байланыштуу милиция шектүүлөрдү көргөн же кандайдыр бир маалыматы барлар төмөнкү телефондорго кабарлап коюуну өтүнөт: 0 (312) 26-62-61, ыкчам кызматкерлер 0 (700) 04-55-55, 0 (553) 55-11-18, 0 (500) 67-63-18, 0 (704) 99-59-88, 0 (700) 90-10-90.

Добавить комментарий